http://www.ktrk.kg/Жакында КТРКнын  “Ала-Тоо 24” маалыматтык каналы ишке кирет

Жакында КТРКнын “Ала-Тоо 24” маалыматтык каналы ишке кирет

6 Июль 2016 , 12:18 6350

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Август айынын аягында КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналы иштей баштайт. Ал 24 саат бою иштеп, кыргыз жана орус тилинде жаңылыктарды берип турат. Мындан тышкары англис тилинде чыгаруу жагы да каралууда. Учурда канал жайгаша турган КТРКнын имараты оңдоодон өтүп, жаңы техникалар коюлууда. 

Мурда “Замана” студиясы жайгашкан имаратта эми “Ала-Тоо 24” каналы иштейт. Азыр имараттын ийне-жибине чейин жаңылап жатышат. Майда-барат оңдоо иштери эле калбаса, негизги иштер бүтүп калды. Режиссёрдук пульт коюла турган бөлмө да даяр. Андагы ар бир техника заман талабына төп келет. Бир дагы эски жабдык жок. Баары жаңы. Бул болсо, жаңылыктардын түз эфирде чыга турган студиясы. Майда-барат жабдыктан тарта, камераларга чейин жаңыланган.



Эскерте кетсек, “Ала-Тоо 24” - коюлуп жаткан жабдыктар жана чыгуу форматы боюнча заман талабына жооп берет. Азырынча канал колдоно турган жабдыктар жагынан Кыргызстандагы телеканалдарда мындай жок. Албетте, өлкөдөгү каналдардын көч башында турган КТРКнын муну ачууга чамасы жетет. 

Илим Карыпбеков, КТРКнын башкы директору: 

“Кыргызстандагы телеканалдардын тарыхында биринчи жолу болгон жатат. Себеби, буга чейин 24 саат бою жаңылык беребиз деп эч ким аракет кылган эмес. Мен ойлойм, буга КТРКнын гана алы жетет. КТРКнын гана ресурстары, мүмкүнчүлүктөрү жакшы шарт түзүп берет.” 

“Ала-Тоо 24тө” жаңылыктар кыргыз жана орус тилдеринде чыгып. Бара-бара англис тилинде да киргизилиши мүмкүн. Эскерте кетсек, күнү-түнү жаңылык бере турган каналды ачуу замандын чакырыгы.

“Ала-Тоо 24тү” ачуу үчүн КТРК каражатты үнөмдүү колдонуп, ыраатташтырып ички булактын эсебинен ачууда. Каналдын толук кандуу иштеп кетиши үчүн Коомдук каналдын ресурсу, техникасы, жана кадрлары жетиштүү. Эскерте кетсек, буга чейин деле, азыр деле жаңылыктарды чыгарган “Ала-Тоо” студиясы жемиштүү иштеп келе жатат. Кадрдык потенциалы да жогору.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118






Новости по дате