http://www.ktrk.kg/Каримовдун "эшеги суудан өттүбү"?

Каримовдун "эшеги суудан өттүбү"?

7 Июль 2016 , 5:13 1611

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көрчү Политклиникадан баштайлы. Гезит Дүң базары санитардык нормаларга жооп бербесин, Фракция жетекчилери саясатка кантип аралашып калганын, Жогорку Кеңеш кандай иштегенине, саясатчылар эс алууга канча каражат короторун, кадимкидей босогодо отуруп, чай куюп келиндик милдетимди аткарам деген аталышта ЖКтин депутаты Аида Салянованын айткандарын, Президент өзү чыгарган ырды гитаранын коштоосунда ырдап, баарынын оозун ачырганы туурасында жазды.

Айрымдарын карайлы. Мисалы кантип саясатка аралашып калганы туурасында саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин айткандарын жарыялаган. ЖКтин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун саясатка өзүнүн көз карашын, өзүнүн философиялык оюн түптөп, бизнесин өнүктүрүп байып алгандан кийин келгенин билдирген. Бакыт Төрөбаев тууралуу Бакетаев алгач бизнеси менен байып алып, саясатка аралашып, азыр ага салымын кошуп жаткан убагы деген оюн айткан, Канат Исаевди болсо, алгач Токмок шаарына мэр болуп жаңы мэрликке келгенде жаштар колдоп ошондон кийин саясатка аралашып калганын, Өмүрбек Текебаевди Бакетаев байлыксыз эле мугалим кезинде акыйкатты издеп, саясий жоопторду издеген киши болгонун, жаңы демократия башталганда ошонун толкуну менен келип калганын, Өмүрбек Бабановду байлыкты топтоп алып, андан кийин саясий айдыңына келгенин, Иса Өмуркуловду Чыныбай Турсунбеков спикер болоору менен аталган фракцияны жетектеп калганы, ал мурда Текебаев менен бирге экендигин, СССР ураган жылдардан баштап, мурунтан эле саясатка аралашып жүргөнүн, Мыктыбек Абдылдаев башкы прокурорлукка көтөрүлгөндөн кийин саясатка келгенин, ага чейин ал так жана тыкан иштеген юрист экенин ошол эле Бакетаев белгилеген. Президентке кат рубрикасы бул жолу Талас облусунун Кара-Буура райоунан Алийма Бабашовадан жазылган Уулумду Россиядан негизсиз камап салышты деген аталыштагы катын басты.

Андан ары Атамбаев өзү чыгарган ырды гитаранын коштоосунда ырдап баарынын оозун ачырды деген аталышта макала ээлеп, президенттин аткаруусунда өзүнүн “Судьбе назло”ырын Ордо продакшн студиясы 2-июлда жарыялаганы, сөзү жана обону өлкө башчысына таандык болгон бул ырды бир күндүн ичинде 53 миң 469 жолу көрүлгөнүн жар салды. Кызынан атасына белек деген бул макалада президенттин кызы Алия Шагиева өзүнүн Фейсбух баракчасына өз колу менен открытка тартып, атасынын ырынын чыгышы менен куттуктаганын жазып, ага талант атасынынан өткөнүн айткан саптарга орун берген. Анда  открытканын ичинде эмне жазылганын көрсөтпөйм, себеби эң назик нерселер тууралуу катуу айтпайт эмеспи,  Жакшы көрөм, жакшы көрөм, жакшы көрөм, гитара менен ырдаган ырларынын чыгышы менен куттуктайм. Жан дүйнөсү каалаган нервдерин дарылаган, жылмаюну алып келген, өмүргө убакыт кошкон ишти жасаганын көргөнүмө абдан кунычтамын. Мен аны дайыма чыгармачыл адам катары кабыл алып келгем жана бул дагы жөн жерден эмес, анткени ал өспүрүм кезден обон чыгарып, ырларды жазчу жана дагы ишенесиңерби  ал сүрөт тартчу.  Ооба сүрөт тартчу, абдан көп сүрөттөрдү жакында эле менин курагымда  толтурган анын альбомун барактап көрдүм.Искусствого жакындык мага атамдан берилген. Рахмат, Рахмат. Мен саясатка такыр түшүнбөйм. Ошондуктан ал жакта эмне деп айтып атышкандары мага маанилүү эмес болчу. Башка адамдардан айырмаланып, мен аны ичинен билем. А эс алып жатып ойлонгондогу анын көз карашын билем, анын ойлору түн ортосунда ойгонууга мажбурлап жаткандагы көрүнүшүн билем. Эч бир адамдын айткан сөздөрү ал эң күчтүү экенинен шек жарата албайт! Кучактайм” деп Алиянын бөлүшкөн сырлары  толук жазылат. Мындан сырткары президенттин ыры боюнча Фейсбуктагы пикирлерди карап чыксаңыз болот Эч нерсеси өзгөрүлбөй ошол стилин окурмандар менен тааныштырабыз дейт  бүгүнкү Политклиника.

Бүгүнкү Азия Ньюсту карап көрөлү. Ташкул аке гений деген аталышта жарык көрүптүр. Бул темада жазылган макала гезиттин 12-13 беттеринде орун алган. Гезиттин бүгүнкү санында  Кыргызстанда эң арзан контракт канча жана маянасы жогору адистиктер туурасында  маалыматтар бар. Кыргызстанда ким көп акча табат деген статистикада программист 30 миңден 120 миңге чейин экени, финансист 30 миңден 90 миңге чейин, бугхалтер 25 тен 80 миңге чейин, кыймылсыз мүлк тармагындагы адистер 21 миңден 91 миңге чейин, топ менеджер( директор же жетекчи)  50 миңден 85 миңге чейин, шеф ашпозчу  40 миңден- 75 миңге чейин инженерлер 25 тен 50 миңге чейин, долбоор менеджери 20 дан 45 миңге, ал эми маркетолог 18-ден 50 миңге чейин табаары көрсөтүлгөн. Ошондой эле Кыргызстанга керектүү адистер бул курулуш жаатында, айыл чарбасында, жеңил өнөр жайда, энергетикада, тоо кен өнөр жайына туризмде, транспорт тармагында экендиги жазылат. Абитуриенттин эсине жакшы маалымат экен карап окуп алсаңыз.

Гезиттин Азия бүркүм рубрикасы Туркиядан жазылган кабарды же теракта кыргыз жараны катышканы чынбы дегенди, Казактсандан казак министри кыргыздардан кечирим сурады дегенди, Өзбекстанда долларга чектөө коюлганын, Кытайда Россияга жол ачылганын же Кытай бийлиги Россиядан уй жана тоок этин алып кирүүгө коюлган чектөөлөрдү четинен жокко чыгара баштаганын, Японияда ысыктан ал адам каза болгону туурасында кабарлады.  Ошондой эле бүгүнкү Азия Ньюс Оморбай Нарбеков редакцияга мас абалында келип, ыплас жүзүн көрсөттү деп жазып койгон.. Адиль Турдукулов жумурткадан кыр издебей кичине ойлонуп жазбайбы деген аталышта өкмөттүн Талас облусунун  ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевдин маегине дагы бир биз кардарлардын сунуштарын эске алуу менен алдыга жылабыз деген Аврора санаиторийинин директору Гулнара Молдолиеванын маегине  орун берди. Ушундай эле  көлөмдүү маек “Көчмөндөр оюнуна” катыша турган жалпы Кыргызстан командасынын сырт кийимдери менен камсыз кылуу  аракетин көрүп жаткан “Чапан” студиясы жөнүндө жана анын директору Жумагүл Сариевадан алынган “Биз тиккен чапандар дүйнөлүк бренд катары бааланып жатат” деген аталышта алынган, көз жүгүртүп коюңуз.  Кыргызстанда кыймылсыз мүлк агенттиктеринин кожоюндары кимдер экенине кызыксаңыз бүгүнкү Азия Ньюска баш багыңыз.

Бүгүнкү Сарыесеп гезити Каримовдун эшеги суудан өттүбү деген теманы коюп жарык көргөн. Аталган гезиттен башкы редактордун Орозо айтта айласы кеткендер деген макаласын, Өлкө башчынын Орозо майрамында айткан элге кайрылуусун, жакында заводдор ишке киришээрин кабарлаган макалага ортоктош болосуздар.  Ошондой эле “ЕАЭБ көз жашка карабайт” деген аталышта дүйнө экономикасын түбү түтүктөр аркылуу туташкан идиштерге салыштырган, ЕАЭБ экономикаларын туташтырып, бири-бирин теңдеген түтүктөрдүн жабылып- ачылуусуна кантип таасир берсе болот деген суроого жооп издеген көлөмдүү макала жана Туркия Израил лоббисине муктаж деген серепчи Искендер Ормондун пикири да орун алган.  Окуп койсоңуз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Новости по дате