http://www.ktrk.kg/Токмок шаарында туристтерди тоногондор изделүүдө

Токмок шаарында туристтерди тоногондор изделүүдө

7 Июль 2016 , 10:47 249

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Орусиялык туристтерди Токмок шаарына жакын жерден тоноп кеткендерди табуу милдетин ИИМ Кашкар Жунушалиевге тапшырды. 

4-июлда өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырган жарандар майып баласын дарылоо үчүн аны Ысык-Көлгө алып келе жаткан Орусиялык жубайларды тоноп кетишкен. 

ИИМдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун белгилөөсүндө, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн ыкчам топ түзүлдү.

Элдик  Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то  интересное- отправляйте нам! 

WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118



Новости по дате