http://www.ktrk.kg/Басма сөз: “Кылмышкер кыйналса да кылмышкер”

Басма сөз: “Кылмышкер кыйналса да кылмышкер”

12 Июль 2016 , 6:07 2398

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

“Кыргыз Туусу”

2- дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү-улуттук жалпы иш деген теманын алдында бүгүн “Кыргыз Туусу” жаңы санын ачты. Бул тема “2- Ысык Көл баарлашуусу” катышуучуларынын кайрылуусунан алынды. Эки күнгө созулган бул иш чарадан даярдалган макалада “Тарых жана маданият”жылына багытталып  2-бүткүл дүйнөлүк  көчмөндөр оюндары”, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы жана башка иш чараларды өткөрүү боюнча талкуу жүрүп, атайын резолюция кабыл алынганы кабарланат. Резолюциянын мазмуну менен бүгүнкү “Кыргыз Туусундагы” “Тандаган багыттан тайбайлы” деген аталыштагы макаладан  таанышып алыңыз. Президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар өлкө башчысынын саламаттыкты сактоо министрин кабыл алган күндү “Сапаттуу медициналык кызмат- заман талабы” деген аталыштагы ошондой эле ИИМдин  министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алган учур  “Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу-ИИМдин башкы милдеттеринин бири” деген аталыштагы маалыматта жазылат.  Ушул эле бетте “Жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктары кеңейе тургандыгын маалымдаган да чакан макала бар. “Кыргыз Туусунун” пресс бурчу “Боорукер кыз  кезектеги кайрымдуулук ишине белсенди” деп  даун синдромуна чалдыккан  балдардын ата-энелеринин “ Сантерра” коомдук фондуна өзү тарткан сүрөттөр түшкөн майка, футболка, бут кийимдер сатылып андан түшкөн  акчасын дагы которуп берүүгө белсенип жаткан 19 жаштагы Алиянын маалыматын жазат.

 

 Мындан сырткары Кымыз жарманкеси өтөрү, мугалимдер үчүн камкордук деп билим берүү жана илим министрлигинин мугалимдердин эс алуусуна деп кошумча 2 млн сом каралып жатканын кабарлаган маалыматтар орун алган. Кыргызстан-Германия алакасы туурасында жазылган “Эртең Ангела Меркел келет” деген көлөмдүү макала бар. Макаладан  бул расмий сапардын келиши менен өлкөгө инвестиция тартууга жол ачылары ошондой эле Ангела Меркель жетектеген Германия мамлекетинин Кыргызстанга берген баасы, жана ар тараптуу саясатчы айым Меркель туурасында толук маалымат аласыз.  “Азырынча  ипотекалык  насыяны бюджеттик тармакта иштегендерге гана берип жатабыз” деген аталышта бул мекеминин  төрагасы Бактыбек Шамкеевдин “Кыргыз Туусунун” түз байланышында кайрылган калктын суроолоруна жооптору жарык көрдү.  Ал эми актуалдуу маек деген орунга Мамлекеттин дин боюнча бирдиктүү саясатын жүргүзүү үчүн имамдарга билим беришибиз керек деген аталышта “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен болгон маекти  жайгаштырды.

Эркин Тоо”

Дагы бир расмий гезит “Эркин Тоо” “Жолду оңдоо иши өкмөт башчынын купулуна толгон жок” деген теманын алдында жаңы санын тартуулайт. Мында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун  өткөн жуманын аягында Бишкек- “Манас” Эл аралык  аэропорту автожолун реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп жатып унаа жолдун стратегиялык маанисин айтып,  жолдун чыгыш тарабындагы кетирилген кемчиликтерин сынга алганын жазат. “Шылуундардан сак болуңуз” деген гезиттин маалыматы  буга чейин кытай инвесторлору тарабынан кыргызстандыктарга арзан жана узак мөөнөткө батирлер берилет деп таркаган маалыматтар боюнча өкмөттүн атайын билдирүүсү орун алган.

Мындан өкмөт эч кандай компания менен келишим түзбөгөнүн эсиңизге тутуп алыңыз. Интернет айдыңында турак- жай курулуш кооперативи коалициясынын катышуусундагы пресс -конференциядан тартылган видео таркатылып, анда алардын жарандары жергиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн  программасын ишке ашыруу үчүн Кытай Элдик Республикасынан  инвесторлорду тартуу боюнча КРнын Өкмөтү менен келишимге кол коюу ниети тууралуу маламыдалган.  Бул маалымат чындыкка туура келбесин, эч кандай келишимдер болбосун андыктан шылуундардан сак болууга чакырат.

Каттоо кызматынан маалымат же  аталган мекеменин жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин биометрикалык паспорт электрондук өкмөткө жол ачат деген аталыштагы маегине орун берилген. Бул маектин алдындагы маалыматка кулак салыңыз. Интерполдун иликтөөсүндө бүгүн дүйнөдө 11 миллионго жакын жасалма паспорт бар экени айтылат. Бул нерсе дүйнө өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизээри анык. Ар бир өлкө коопсуздугун камсыздоо үчүн бүгүн дүйнөнүн 150гө жакын өлкөсү биометрикалык паспортко өтүү боюнча чечим кабыл алган. Жаңы документке биздин өлкө да өткөнү турат. Мына ушул багытта мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев маалыматтары менен бөлүшкөн.

 “Фабула”

“Кыз боозуп энесин коркутат” деген теманы койгон. Бул аталыш “Фабула” пресстин бурчунда орун алган дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техникалар департаментинин жетекчиси Рустам Курмановго карата айтылат. Ушул эле пресс бурчундагы маалыматтарды санай кетели. Зумрад Жаманбаеванын иши сотко өткөрүлгөнү туурасында, "чалдар жөн жатпас болду" деп Үсөн Сыдыков жөнүндө, Чубак ажы чырга жаралганбы дегенди, Токтакуновдун жабыркагандарды урганы жокпу дегенди, мурда жылаңач эле эми бутуна туруптур ЖКтин фракция жетекчилеринин толтурган декларациясы же байлыгы туурасында, Элвира Сариеванын саясаты өлкөнү сазга тыгабы деп жазылгандарды тизди. Алгачкы бетиндеги майда маалыматтар болсо “Аттестациянын жыйынтыгы жокко чыгарылат” деген аталышта чубактын кунундай чубалган университеттин ректору Адамкулованын тегерегиндеги сөздү, ит үрө берет деп куру чечен, тилинен башка берекеси жок Адахан Мадумаров деген чакан маалыматка, балбандын багы жанды, деген Жанарбек Кенжеевдин алдырып ийген лицензиясын кайрадан алып, олимпиадага бара тургандыгын, Спутник сайтынын куйтулугу, мыш болгон Жыргалбек Саматов жана Кызарган жерди баса калган Примов деген аталыштагы маалмыттарга орун берген.

“Кылмышкер кыйналса да, кылмышкер” деген аталыштагы “Фабуланын” макаласы кечээ күнү башталган Азимжан Аскаровдун соту туурасында жазылат. БУУнун сунушу менен Кыргызстан демократияны туу туткан өлкө экендигин көргөзүп, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карай баштады. Эгерде коңшулаш мамлекетте мындай улуттар аралык жаңжалды кызытып, канчалаган адам өмүрүн алууга негиз болгон чагым жасаса, Азимжан Аскаров алтын баштуу болсо да биздегидей  өмүр бою абакка кескен гумандуу жаза албай ошол кармаалары менен эле атууга кетмек. Бирок ал Кыргызстанда жашаганы үчүн азыркыдай эркелеп, өмүр бою абакка кесилгенине карабай өзүнө карата козголгон кылмыш ишин, сот өкүмүн кайрадан каратып отурат. Ушул үчүн эле ал кыргыздардын этегине намаз окууга тийиш болчу деп башталат бул макала. Макалада укук коргоочубуз деген Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абурасуловалардын шек жараткан иштери туурасында да сөз болот. “Азимжан Аскаровдун түзмө түз кийлигишүүсү менен кызматтык милдетин аткарам деп барып каза тапкан Мыктыбек Сулаймановдун жесири деле жетим балдарын жетелеп алып, БУУга үнү жетпей отурат. А булар болсо ошол жетим жесирлердин укугун тебелеп, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, кылмышкерди актап алгысы келип отурат. Кудайды карагыла, акыйкаттык ушундай болобу”,- деп аяктайт бул макала.    

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! 

WhatsApp +996551748118



Новости по дате