http://www.ktrk.kg/Сот - адилеттиктен тайбашы керек

Сот - адилеттиктен тайбашы керек

15 Июль 2016 , 11:28 2377

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын жаңы шайланган төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы бул органдын жарандардын конституциялык укуктарын коргоо боюнча мындан аркы мерчемдери, ошондой эле эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү иштери тууралуу маалымат алды. 

Президент Алмазбек Атамбаев конституциялык көзөмөл органынын мамлекеттик түзүлүш системасындагы маанилүү ролун жана анын өлкөдө жүрүп жаткан демократиялык реформаларга тийгизген таасирин баса белгиледи. 

"Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин кесипкөй, ачык жана адилеттүү жактоо менен гана элдин сот органына болгон ишенимине жетише алабыз", - деди президент.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118

Новости по дате