http://www.ktrk.kg/Токмоктогу спирт өндүргөн заводдун калдыктарынын экологияга зыяны жок

Токмоктогу спирт өндүргөн заводдун калдыктарынын экологияга зыяны жок

19 Июль 2016 , 17:26 1068

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Спирт заводдон чыккан калдыкта химиялык зыяндуу заттар жок. Бул туурасында Токмоктогу спирт заводдун жетекчилиги билдирип, буга чейин айрым массалык маалымат каражаттарында айтылган билдирүүлөрдү төгүнгө чыгарууда. Эскерте кетсек аталган заводдун калдыктары өткөн түтүк Токмокко жакын жердеги Ак Бешим деген айылдын жанынан жарылып кетип жергиликтүү тургундар нааразычылыктарын билдирген болчу. 

Токмоктогу спирт өндүргөн заводдун калдыктарын төгө турган түтүк Ак-Бешим айылына жакын жерде жарылган. Андан атып чыккан калдыктар талааны каптап, айылга жагымсыз жыт кире баштаганда тургундар массалык маалымат каражаттарына арызданышкан.
Түтүктүн жарылып кеткенин спирт заводдун жетекчилиги мойнуна алып, жер кыртышына келтирилген зыян үчүн айып пулду төлөшкөн. Ал эми тазалоо иштеринин кечиккенине июнь айындагы жамгырлуу аба ырайы себеп болду дешет.
 Ак Бешим айылындагылар, жарылып кеткен түтүктөн тышкары калдык төгүлгөн жай боюнча көйгөй бар экенин айткан. Анткени ал жердеги жагымсыз жыт шамал менен айылга чейин келет дешүүдө. Бирок заводдун жетекчилиги аталган жерге толук ээлик кылганына карабастан, айрым убактарда гана калдыктарын төгөөрүн билдирди. Калган учурда жергиликтүү тургундар аны сатып алышат экен.
 Жергиликтүү эл спирттен чыккан калдыкты бекеринен жарма же атала деп атабайт. Анткени ал нак буудайдын угутунун калдыгы. Андыктан химиялык зыяндар кошулат деген маалымат чындыкка дал келбейт дейт заводдун башкы технологу.
Токмоктогу спирт заводу 2009-жылы ачылган. Анда 100гө жакын жумуш орду түзүлүп, басымдуу бөлүгүндө жергиликтүү эл иштейт. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118


Новости по дате