http://www.ktrk.kg/Президенттин демилгесин колдогондор көбөйдү

Президенттин демилгесин колдогондор көбөйдү

21 Июль 2016 , 3:52 3763

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Басма сөзгө баяндама

“Азия Ньюс”  

Бүгүн жарык көргөн “Азия  Ньюс” алгачкы бетине үлгү алсак деп, Тажикстан авиациясын күчтөндүрсө, а биздин авиаторлор орун талашууда деген аталыштагы макаланы койду. Анда белгиленгендей ушул күндөрү коңшу Тажикстандын президенти аба транспортундагы жана аэропорттогу коопсуздукту күчөтүү боюнча указга кол койгон, указда терроризмди, учактар аркылуу курал-жарак, жардыруучу заттарды ташуунун алдын ала жана аэропорттор учактардын ичинде коопсуздукту сактоо максатында кабыл алынган. Улуттук коопсуздук кызматына аэропорттордун кызматкерлерин, учактарды күйүүчү май жана тамак аш менен камсыз кылган коммункацияларды, Тажикстандын аймагында иш алып барган чет элдик компанияларды толугу менен текшерип чыгуу тапшырмасы коюлганы маал-маалы менен учактарда жана аэропорттун аймагында антитеррордук машыгууларды өткөрүп турмай болушканын, ал эми чет өлкө президентинин, чет өлкөлүк сыйлуу коноктордун учуп_конуусун жана аэропортто өтчү иш иш чара, салтанаттардын баарын атайын антитеррордук күчтөр көзөмөлдөмөкчү болгонун кабарлап, а бизде болсо аэропортторубузда терроризмге каршы кандай күчөтүлгөн иш чаралар болуп атат? Кабарыбыз жок деп, анын ордуна жарандык аваиация департаментинде жетекчинин  креслосун талашкан чуу ММКдын негизги темасына айланып жатканын жазды.

Ошондой эле “Азия Ньюс” “Аалам”, “Ар-Намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бир казанда кайнаарын, бул партиялар саясий партиялардын коалициясын түзүшкөнүн  жар салды. Аталган партиялардын өкүлдөрү берген маалымат жыйындан сөз кылган макала Ф. Кулов 2017-жылкы президенттик шайлоого азырынча кызыкпаганын билдирсе, тескерисинче А. Мадумаров президенттик шайлоого сөзсүз  бара турганын кабарлады. Андан ары, Бүбү Мариямдын чыгармасы экстремисттик катары бааланды деген аталыштагы макала  сыртта диний экстремизм көйгөйү курчуп турганда Бүбү Мариям Муса кызынын китебинин сот тарабынан тыюу салынганы белгилүү адабиятчылардын колдоосуна ээ болушса,  китепти Манас эпосунун жаңы варианты, баалуу чыгармачыл мурас катары атаган Эрнест Абдыжапаров, Темирбек Токтогазиев, Каныбек Иманалиев баштаган, өздөрүн жайсаңчылар атаган үркөрдөй топ соттун чечимине нааразы болушуп инстанцияларга даттана тургандыктарын шардана кылып жатканы жазылат.

Президенттин демилгесин колдогондор көбөйдү деген темада жазылган материал  “Кайран элим кайда баратабыз” баннерлери Кыргызстандын бардык региондорунда илинип жатканын, баннер чакырыктын идеясы президенттин жарлыгы менен түзүлгөн “Мурас” коомдук фондуна тиешелүү экенин кабарлап, фонддун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегиндин маеги жана бул идеяны кубаттаган тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Шаршен Касеновдун, дин комиссиясынын мурдагы жетекчиси, профессор Жолборс Жоробековдун пикирлери менен толукталып басылды.

Бийлик ичинен тазаланбаса, акыйкаттык болбосо, биз бирөөлөрдүн колунда оюнчук болуп калабыз деп бүгүнкү санга серепчи Марс Сариев коңгуроо какты. Туркиядагы, Казакстандагы окуяларга байланыштуу берилген суроого серепчи биринчи кезекте Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, анан албетте Кыргызстан үчүн да ошондой тобокелчиликтер бар деп, азыркы учурда Жакынкы Чыгышта, Сирияда, Иракта, Туркияда болуп жаткан туруксуздук акырындык менен Борбор Азия, Кавказ жака тарайт, Жакынкы Чыгыштан тартып, Кытайдын Синзцзянь уйгур автоном районуна чейин зона отко чулганып калышы мүмкүн деп жооп кылып, Борбор Азиядагы туруксуздук ыктымалдыгы  сырттан таңууланган гана фактор болбостон ички факторлор да себеп болуп калышын айткан. Серепчиге берилген экинчи суроого да көңүл бура кетсек, ЖККУ, ШКУ кызматташтыгы сыяктуу уюмдар коркунуч туулуп калган учурда бөгөт кое алабы деген суроого Туркия деле НАТОнун мүчөсү. Армения ЖККУнун мүчөсү бирок азыр бул өлкөдө факт жүзүндө төңкөрүш тобокелчилиги бар. ОДКБ эчтеке кыла албайт, себеби тыштан коркунуч жок, туруксуздук ичтен болуп жатпайбы, атайын провокацияларды  жасап, динди радикалдаштырып жатат. Эсиңерде болсо, АКШнын Луизиана штатынан бир пастор  Куранды атайын өрттөп, анын натыйжасында Египеттен Пакистанга чейин башаламандык башталган. Исламды курал катары пайдаланып жатышпайбы. Андыктан бийлик ичинен тазаланбаса, акыйкаттык болбосо биз бирөөлөрдүн колунда оюнчук болуп калышыбыз мүмкүн деп  белгилеген серепчи Марс Сариев. "Азия Нюстун" бул санына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Тайлак Баатырдын мааракесине Урматтуу Алмазбек Шаршенович зор жардамын берди деген аталышта маек курду.

 

Бул сандан “БӨТкө тиш кайраган манты кулактар” деген аталыштагы Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоого аттаанары же аттанбасы туурасында жазылган макаланы, ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт деп, Медициналык Академияда коркунуч бар даген макаланы, Туркияда төңкөрүш атайылап уюштурулган Фейкке окшош дегенди,  Казак боордоштор бул жолу күчтүү деп Көчмөндөр оюнунан кеп салган Алмаз Касеновдун маегин , жана парасыз окууга өтүү, диплом алуу, кызмат ордун орун табуу, жумушту жана кызматты парасыз аткаруу, башкаларды да ушундай жолго үгүттөө , үйрөтүү, көндүрүү, жүзөгө ашыруу- чыныгы билими, диплому бар инсандарыбыздын негизги максаты болгондо жашооуз кескин өзгөрөт деп ой толгогон Ата Эненин ашкере сүйүүсү азапка айланат, анын кесири, элге коомго тиет деген аталыштагы макаланы окуй аласыздар. Азия бүркүмү рубрикасы Түркияда 1,5 миң декан иштен айдалганын, Туркмэнстанда Жаңы Конституция кабыл алынарын, Монголияда президент кесиптештерине 51 жылкы белек бергенин, Кытай юийлиги  жер шарынын жарымын өзүнө батыргысы келгени туруасында жазды.

“Саресеп”

Бүгүн чыккан “Саресеп” гезити Токтогул өрөөнүнүн алынган жеринен барып таанышып келген өрөөндүн жашоосу туурасында жазган кабарчылардын материалдарын тааныштырды. Мисалы Токтогул балыгы койдон да барктуу экенин  ушул сандан  кабардар болосуз. Жана бул сандан Азан бул чакырык деген эле нерсе деп, Бишкекте эми азандын үнү басаңыраак чыгаарын бул саясат эмес, кары- картаң жаш балдардын ден соолугу үчүн шаардыктардын, суранганынан гана кабыл алынган нерсе деп жазылганы менен тааныша  аласыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118


Новости по дате