http://www.ktrk.kg/Тартип органдарынын укук-милдеттери жакынкы арада аныкталат

Тартип органдарынын укук-милдеттери жакынкы арада аныкталат

25 Июль 2016 , 4:54 3600

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Укук коргоо органдарынын түзүмүн реформалоого багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Коргоо кеңешинин жумуш тобу түзүлдү. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында жумуш топ өлкөнүн күч түзүмүндө жүргүзүлө турган реформалардын алкагында тартип органдарынын укук-милдеттерин жакынкы арада аныктап чыгат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин укук коргоо органдарынын системасын реформалоо чаралары жөнүндөгү жарлыгы 18-июлда жарыяланды. Бул күч түзүмүндөгү боло турган өзгөртүүлөрдү ишке ашырууга багытталган биринчи кадам десе болот. 

Укук коргоо органдарынын ишиндеги системалуу кемчиликтер Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет, мыйзамдын жана акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылбайт, ошондой эле системанын өзүнүн ичиндегидей эле, коомчулукта дагы карама-каршылыктарды жана чыр-чатактарды жаратат.

Түзүлгөн терс жагдай мыйзамдын беделин калыбына келтирүүгө жана бийлик институттарына жарандардын ишенимин кайтарып берүүгө багытталган укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча кечиктирилгис жана түп-тамырынан бери өзгөртүүчү чараларды кабыл алууну талап кылат.

Иштин жүрүшүндө зарылчылыкка ылайык мамлекеттик мекемелерден, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга мүмкүнчүлүк бар. Коргоо кеңешинин жумуш тобунун алдында азыр укук коргоо органдарынын белгиленген функцияларын бири-бирине өткөрүү турат. Ал эми буга багытталган укуктук-нормативдик актыларга өзгөртүү, толуктоолорду киргизип, бир калыпка салуу парламенттин мойнунда. Жумушчу топтун алгачкы жыйыны келерки аптага белгиленген. 


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118



Новости по дате