http://www.ktrk.kg/Жогорку сот 7-апрель сотуна чекит койду

Жогорку сот 7-апрель сотуна чекит койду

30 Июль 2016 , 10:14 7705

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ, 29 июлда,  Жогорку сотто 2010-жылдын 7-апрели боюнча отурум уланып, ага төрагалык кылган судья Кычыке Эсенканов чыгарган өкүмүн окуп берди. 

Ага ылайык, экс-президент Курманбек Бакиев 30 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Жаныш Бакиев менен экс премьер-министр Данияр Үсөновду өмүр бою абакка отургузуу боюнча чечим күчүндө калды. 

Марат Бакиев болсо 27 жылга кесилди. УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрага орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунганов 25 жыл түрмөдө отурмай болду. Эске салсак, алар 3-июнь күнү кармалган болчу. 

Үй мүлкүнөн ажыратуу менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункуловго, мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиев жана президенттик аппараттын мурдагы кеңешчиси Оксана Малеваная 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм кылынды. “Альфа” атайынын бөлүгүнүн мурдагы командири Алмаз Жолдошалиев менен “Арстан” мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы командири Байыш Эсенбай уулу алты жылга эркинен ажыратылышты. Ал эми алардын алдында иштегендер акталды. Жазага тартылуудан мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев да бошотулду.



Новости по дате