http://www.ktrk.kg/"Мекендештер" форуму: мигранттардын укугун коргоо өтө маанилүү

"Мекендештер" форуму: мигранттардын укугун коргоо өтө маанилүү

2 Авг 2016 , 16:14 6194

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 “Мекендештер” форуму “Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” деген ураан менен Ош шаарында өз ишин жыйынтыктады. “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду тарабынан быйыл үчүнчү ирет уюштурулган бул форум инвестиция тартуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алды.

 Ар эки жылда өтүп жаткан “Мекендештер” форуму бул ирет Ош шаарында уюштурулду. Ага 25 өлкөдө жашап жана иштеп жаткан 300гө жакын кыргызстандык мигрант өз эсеби менен келип, катышты. Форумдун уюштуруучусу, экс-президент Роза Отунбаеванын айтымында, мекендештерибиздин жардамы менен инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүк бар.
Роза Отунбаева: “Биздин өлкөдө инвестиция тартуу үчүн жакшы мыйзамдар бар. Биз аны кандай ишке ашырышты билебиз. Биз 25 жылдын аралыгында көп эле тажрыйбага ээ болдук. Азыркы форумду Ош шаарында өткөрүүнүн мааниси чоң. Анткени 25 жылдын аралыгында көп адамдар чет жакка чыгып кетти. Азыр дүйнөдө кыргыз жүрбөгөн жер жок болуш керек”
 

Учурда 1 млн.  жакын кыргызстандык чет элкөдө. Алардын жөнөткөн каражаты жылына 1,5 - 2 млрд. чейин жетип, ички дүң өндүрүмдүн 30 пайызын түзөт. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, текшерүү органдарынын саны 21 - 13 кыскарганы ишкер үчүн албетте, жеңилдик.
 Бирок, Кыргызстанда экономика либералдуу деп айтылганы менен чет жактын жарандыгын алган ишкерлер унутта калган дегендер да четтен табылат. Алар инвестиция салуу үчүн чет элдик катары катталып, оорчулук жаралууда.
“Замандаш” ассоциациясынын башчысы Майрамбек Жапанов: “Бизде либералдуу экономика деген менен чет жакат иштеген айрым мекендештерибиз кыйынчылыка туш болуп жатат. Маселен алар келип үй алуу же ишкана ачууда, маселе жаралат, анткени алар чет өлкөнүн жарандыгын алып алышкан. Эгерде ушул багытта маселе чечип бергиле деп өкмөткө кайрылганбыз. Эгер маселе чечилсе, инвестиция салам дегендер көп”
 Эки күндүк талкуу учурунда бутка турган мигранттардын инвестиция алып келүүсү үчүн, эң ириде чет жакта жашап, иштеп жүргөндөрдүн укугун коргоо багытында иштерди токтоосуз жүргүзүү зарылдыгы айтылды. Качан гана мигранттын укугу корголгондо, чет жактан инвестиция күтсө боло тургандыгы белгиленди. Үчүнчү ирет өтүп жаткан форумдун соңунда бирдиктүү резолюция кабыл алынды.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118



Новости по дате