http://www.ktrk.kg/Мектеп окуучулары Мар Байжиевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Мектеп окуучулары Мар Байжиевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

3 Дек 2015 , 22:54 676

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевди 80 жылдык мааркеси менен Бишкектеги №1- орто мектептин окуучулары куттуктады. Мектеп жамааты менен  окуучулар драматург, публицист, прозаик жана журналисттин урматына концерттик программа даярдашкан. Майрамдык кечени уюштургандар Мар Байжиевдин чыгармаларын сахналаштырып, манас айтылып, башка  улуттун ыр-бийлерин  тартуулашты. Окуучулардын талантына таң берген маараке ээси аларга ыраазылык билдирди. 

"Балдар азамат. Жакшы даярданыптыр. Мага алардын программалары жакты. Аларды карап туруп, өзүмдүн балаык кезимди эске салдым. Мен да мектепте окуп жүргөндө сахнага чыгып калчумун"- деп ыраазычылыгын билдирди жазуучу.

Новости по дате