http://www.ktrk.kg/Сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылгандарга каршы күрөш күчөтүлдү

Сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылгандарга каршы күрөш күчөтүлдү

19 Янв 2016 , 22:28 2505

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт башчы  19-январь күнү  өлкө аймагында сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылгандарга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Премьер-министр республиканын аймагын байырлаган жаныбарларды сактоо ар бир жарандын милдети экендигин белгилеп, бул жаатта бардык жарандар биргеликте иш алып барышы керектигин билдирди.

 Ал арада Жогорку Кеңештин  бир катар депутаттары  жапайы жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мыйзамсыз лицензиялардын берилишине байланыштуу өлкөдө убактылуу аңчылыкка тыюу салуу мыйзам долбоору сунушташты. Мыйзам долбоорунда  карышкыр, түлкү жана чөөлөрдү атууга тыюу салынган эмес.


Новости по дате