http://www.ktrk.kg/Рио-де-Жанейродо коопсуздук чаралары көрүлүүдө

Рио-де-Жанейродо коопсуздук чаралары көрүлүүдө

6 Авг 2016 , 7:49 1810

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жайкы олимпиада оюндары өтүп жаткан Рио-де-Жанейро шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Рионун көчөлөрүндө тартипти 85 миң күч кызматкери көзөмөлгө алууда. 

 Бул тууралуу өлкөнүн Ккук министрлиги билдирген.Коомдук коопсуздукту сактоо боюнча аракеттер стадиондордо жана туристтик аймактардын баарында жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн укук министри ар кандай террористтик окуяларды болтурбоо аракеттери толугу менен жүргүзүлөрүн айткан.

Эске сала кетсек, жайкы олимпиада учурунда теракт уюштурууну пландаган 12 адам кармалган. Алар Бразилиянын 10 штатынан колго түшүрүлгөн. Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, кармалгандар “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөлөрү эмес, бирок согушкерлер менен байланыш түзүүнү каалаган. 

Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бах, Риодогу жайкы олимп оюндарынын жүрүшүндө коопсуздук сакталарына ишенерин билдирди.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118

Новости по дате