http://www.ktrk.kg/Текебаев эмнени көздөп жатат?

Текебаев эмнени көздөп жатат?

11 Авг 2016 , 11:56 5548

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгууда. Ал референдум өткөрүү шашылыш уюштурулуп жатканын, баш мыйзамдын сапатын жакшыртыш үчүн кеңири чөйрөнүн пикирин эске алуу зарылчылыгын белгилейт. Башкы ата-мекенчинин баамында жаңы долбоордо премьер-министрдин ыйгарым укуктары өтө эле кеңейтилген. Ал эми референдумду өткөрүү демилгесин көтөргөн саясий күчтөр президенттин таасирин гана азайтып, чыныгы парламенттик башкарууну калыбына келтирүү керектигин айтып келишет.

“Ата-Мекен” партиясынын төрагасы баш мыйзамды өзгөртүүгө зарылчылык бар экенин жашырбайт. Бирок, референдум чукул мезгилге белгиленгенин, жаңы долбоордун мазмунуна да макул эместигин айтууда. Анын баамында авторитардык режим бул жолу президенттин эмес, премьер-министрдин таасири астында орночудай.

Башкы ата-мекенчинин мындай пикирине экинчи тарап макул эмес. “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев өкмөт башчынын азыркы абалда иштешине чекит коюп, укуктарын тезирээк кеңейтүү керектигин айтууда.

Жаңы долбоордо бир катар өзгөртүүлөр каралган. Ал жалгыз өкмөт башчыга гана тиешелүү эмес. Аткаруу бийлигинин жетекчиси кызматтан кеткен шартта, парламент төрагасы да ордунда калбай турганы көрсөтүлгөн. Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов бул төрага менен премьер-министрдин тыгыз кызматташуусун шарттайт деген пикирде.

“Коалициянын кулашы менен өкмөт башчы гана  эмес, спикер да отставкага кетет. Бул эки бийлик бутагынын жетекчиси тыгыз кызматташсын деп киргизилүүдө. Мындай шартта коалиция сакталып, өлкөлдө  туруктуулук болот. Азыр бийлик бутактарынын бири-бири менен өз ара  аракеттенүүсү камсыздалган эмес. Өзгөртүүлөргө ылайык өкмөт күчтөнөт, бирок  коалиция да күчтөнөт. Ошону менен бирге президенттин ыйгарым укуктары да  калтырлып жатат. Коопсуздук, коргонуу маселелрин президенттен башка эч ким чече  албайт. Бул кызмат элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу бойдон  кала берет”.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө парламенттеги “Ата-Мекенден” башка бардык фракциялар колдоо көрсөткөнү кабарланган. Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында күзүндө референдум өткөндөн кийин парламент таркатылбастыгын билдирген эле.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио" 


Новости по дате