http://www.ktrk.kg/Паспорт алууда жаңы ыкма пайда болду

Паспорт алууда жаңы ыкма пайда болду

15 Авг 2016 , 16:45 16344

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бүгүнтөн тарта паспорт алууда жаңы ыкма иштеп баштады. Ага ылайык жарандар убактылуу жашап жаткан дареги боюнча эле каттоо кызматына кайрылып, паспорт алса болот. Бул ыкма Бишкек шаарынын бардык райондорунда, Чүй жана Жалал-Абад облусунда иштеп баштады.

Уланбек Матисманов алгачкылардан болуп жаңы ыкма менен паспорт алууну чечти. Өзү Базар-Коргонунда катталганы менен Сузак райондук паспорт бөлүмүнө кайрылып, жардам ала алды. Уланбектин айтымында 3 жылдан бери Сузакта иштеп, паспорт алууга убактысы жетпей келген. Эми минтип учурда жашаган дареги боюнча эле паспорт бөлүмүнө кайрылып, паспорт алып жатат.

“Жеңилдиги чуркабаганың. Өзүндүн районуңа барып, көптөгөн жокументтерди топтоп убара болбойт экенсиң. Бардыгы бир жерден эле бутүп жатат. Мен мына келдим, бир күндө бары бүтүп жатат”,-дейт ал.
 Уланбектин баарын бир күндө бүтүрүп жатам деген сөзүнүн да жөнү бар. Анткени паспорт бөлүмүндө сүрөткө түшүүдөн баштап, документтеринин көчүрмөсүн тапшырууга, электрондук базадан катталган дарегин аныктоого, төлөмдөрдү да төлөөгө болгон шарт түзүлгөн. 
 Бул ыкманын киргизилиши менен коррупциялык аракеттерге бөгөт коюу максаты колго алынган. Андан тышкары паспортту даярдоо мөөнөтү кыйла кыскарып жатат. Аны менен катар эле электрондук-автоматташтырылган система аркылуу жарандарды каттоо базасын түзүү аракети да ишке ашууда.
Жалал-Абад облустук паспорт- виза каттоо бөлүмүнүн башчысы Арсен Миңбаев: “Жекече номердин негизинде электрондук анткетаны толтурулат. Жаран ошол жерден кабинеттен кабинетке чуркап, кезеке туруп убара болбойт. Анткета электрондук түрдө адиске текшерүүгө түшөт. Ал андан ары Бишкекке электрондук негизде эле жөнөтүлөт. Ошондо паспорттун даяр болуу мөөнөтү 10 иш күнүн алат”.
 Ош, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында болсо паспорт алуунун бул ыкмасы сентябрь айынын ортосунан баштап иштей баштайт.


Новости по дате