http://www.ktrk.kg/Кытай акробаттары кайрымдуулук иш-чарасын тартуулайт

Кытай акробаттары кайрымдуулук иш-чарасын тартуулайт

18 Авг 2016 , 13:30 1052

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тарых жана маданият” жылынын алкагында Кытай Эл Республикасынын акробаттары Бишкекте «Улуу Жибек Жолундагы күн шооласы» аттуу кайрымдуулук иш-чарасын тартуулайт. 

Кыргыз-Сындзянь кызматташтыгы ассоциациясы тарабынан демилгеленген маданий иш-чарага Кытайдын Шаньси провинциясынан 50гө жакын адамдан турган акробаттардын тобу келди. 

Максаты кыргыз-кытай мамилесин маданият аркылуу жакындатуу. Концерт 18-19-августа Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармонияда өтөт. Ал эми кыргыз акробаттары 2-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярданып жатат. 



Новости по дате