http://www.ktrk.kg/Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад шаары жаңыланууда

Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад шаары жаңыланууда

22 Авг 2016 , 21:52 863

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын тургундары үчүн өзгөчө белектер даярдалууда. Саамалыктын алкагында майрам шаңын утурлай бир катар ири ачылыштар боло турганын калаа жетекчилиги убада кылды.

Жалал-Абад шаарындагы бул Курманбек стадиону 1967-жылы пайдаланууга берилгени менен бир да жолу капиталдык ремонттон өтпөй келген. Өткөн жылы гана шаардык бюджеттен 35 миллион сом бөлүнүп, ат майдандын батыш тарабы оңдолгон. Быйыл болсо каржылоонун теңи бөлүнүп, 6 миллион 600миң сомго, 1500 орунга ылайыкташкан стадиондун чыгыш тарабы толук капиталдык ремонттон өттү.
Мындан сырткары эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына деп Токтогул эс алуу багына атайын салынып жаткан дарбазанын (арка) курулуш иши аяктоо алдында турат. Ал үчүн шаар бюджетинен 1миллион 185миң сом бөлүнгөн. Калаа тургундары дагы быйыл эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата жаңыланууга бет алган бир топ ийгиликтүү иштер жасалып жаткандыгын белгилешүүдө.



Новости по дате