http://www.ktrk.kg/Көчмөн элдин маданиятын таанытуу- негизги максат

Көчмөн элдин маданиятын таанытуу- негизги максат

23 Авг 2016 , 22:29 798

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылыктын дээрлик көпчүлүк кызматкери жакында оюндар өтчү Ысык-Көлгө жол тартып, уюштуруу боюнча жеринде кам көрөт. Ага чейин ири катчылыктын кызматкерлери опол тоодой жумуштарды жасап үлгүрүшү керек. Анын бири көчмөндөр оюндарынын брендин жарнамалоо. 

 Көчөлөргө илинген баннерлер, почта маркалары, жүргүнчү ташуучу автобустар, унаалар, учактарга чейин көчмөндөр оюндарынын логотиптери түшүрүлдү. Жада калса баштыкчалар, суусундук сатуучу аяктар көчмөн элдин маданиятын таанытып турат. Азыр айдоочуларга чаптама логотиптердин 10 миң даанасы таратылууда.
Көчмөндөр оюндарын жайылтуу аракети муну менен токтобойт. Улуттук оюндарды көрүүгө келген меймандарга көөнө элдин жашоо-турмушуна баш багып гана тим болбостон эстелик кылып эстеп жүрүүгө чакан азем белектер камдалган. Кичинекекей белектер дүкөндөрдө сатыкка коюлган, оюндар өтүп жатканда да сатылат.
 Катчылык 90дон ашык беттен турган маалымдама-китепчени да даярдап бүттү. Эркин Сазыков анын кем-карчына дагы бир ирет көз чаптырып жатат. Маалымдама китепчеге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кыргызстандын керемет жерлери тууралуу, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы, спорттук мелдештер менен Кырчын жайлоосунда өтчү маданий иш-чаралардын тартиби, чукул кырдаалдар кызматтарынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин даректери, байланыш телефондору камтылган.
Эки-үч күндөн кийин китепчелер 5 миң нуска менен басылып чыгат. Ыңгайлуу чакан китептер чет элдик жана ата мекендик журналисттерге, меймандарга таратылат.


Новости по дате