http://www.ktrk.kg/Бишкекте Президенттин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдеш өтөт

Бишкекте Президенттин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдеш өтөт

24 Авг 2016 , 4:17 1336

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бишкекте Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча мелдеш болот. 

Мелдеш 25-31-августка чейин, 12 команданын катышуусунда «Ак-Кула» ат майданында өтөт. Бүгүн ага катыша турган командалар чүчүкулак кармады.

 2015-жылдагы президенттик кубок азыр «Талас» тайпасынын колунда турат. Былтыркы мелдеште алар Сары-Өзөн командасын утуп алышкан болчу. Турнирге Көчмөндөр оюнуна катыша турган улуттук курама командага кирген оюнчулар катышпайт. Алар 31-август күнү финалдык оюнга катышат деп билдирди федерациядан.

 



Новости по дате