http://www.ktrk.kg/Терроризмди алдын-алуунун аракеттери

Терроризмди алдын-алуунун аракеттери

22 Янв 2016 , 7:10 644

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын адистери чогулуп, дүйнөгө кулач жайган терроризмге каршы күрөштү күчөтүүнү талкуулады. Жыйынга Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандагы Улуттук коопсуздук комитеттеринин өкүлдөрү келген. Коопсуздук кызматынын эксперттери өз өлкөлөрүндөгү катталган диний жана экстремисттик окуяларды мисал келтирип, терс көрүнүштөрдү жоюу тууралуу ой бөлүштү. 

Жолугушууда терроризм менен экстремизмдин өсүшү гана эмес, коомго коркунуч жараткан күчтөрдү алдын ала аныктап зыянсыздандыруу жолдору каралды. 

Ошондой эле, эл аралык террордук уюмдар абакта кармалган кылмышкерлерди өзү тарапка азгырып жаткан көрүнүштөр катталып жатканы айтылды. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн адистери абактагы абалга көзөмөлдү күчөтүүнү биринчи тапшырмалардын катарына киргизди.





Новости по дате