Маанилүү Спорт

Кыргыз күрөшүнөн Кыргызстан алдыга эч кимди чыгарган жок image Фото: sport.kg

7 Сент, 2016 5454

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер кечээ жыйынтыкталды. Күч сынашуулар жети салмак боюнча өтүп, ага 26 өлкөдөн 96 балбан катышты. Кыргыз күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулса бардык алтын медалдарды кыргыз балбандары утушту.

Бул таймаштарда Казакстан үч күмүш, бир коло, Орусия үч күмүш, төрт коло, Тажикстан бир күмүш, бир коло, Түркмөнстан менен Венгрия экиден коло, Монголия үч коло жана Азербайжан бир коло байгеге ээ болду. 

Мелдештин байге фонду 1 миллион 498 миң сомду түздү. Жеңүүчүлөргө ээлеген орундарына жараша 22 миң, 70 миң жана 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар берилди. Ошентип 6-сентябрда болгон мелдештердин жыйынтыгында Кыргызстан 13 алтын, 12 күмүш, 15 коло байге менен медаль алган өлкөлөрдүн көч башын жетектеди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1