http://www.ktrk.kg/“Көчмөндөр ааламы” фестивалы аяктады

“Көчмөндөр ааламы” фестивалы аяктады

7 Сент 2016 , 8:51 1722

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экинчи дүйнөлүк көчмөн оюндарынын алкагында уюштурулган “Көчмөндөр ааламы” фестивалы өз ишин жыйынтыктады. Фестиваль төрт күн катары менен өтүп, бул убакыт аралыгында көчмөндөр маданиятын эки миңден ашык адам чагылдырды. Ал эми келген меймандардын саны 100 000ден ашты. Эмесе “Көчмөндөр ааламы” эмнеси менен эсте калды?

4 күндүк программада көчмөн турмуштун кайталангыс көрөңгөсү, ата-бабадан калган маданий байлык көрсөтүлдү. 

Кырчын жайлоосуна орун-очок алган кыргыз айылы, андагы жасалгалуу боз үйлөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, кыргыз кийимин кийип, каалгый баскан кыз-жигиттер, аксакалдар көчмөн элдин көрөӊгөлүү маданиятынын үӊгусун түздү. Анан да булар үчүн 8 номиция боюнча сынак уюштрулуп, баш байге ээлерине акчалай сыйлыктар, диплом тапшырылды. 

Боз үйдү 10 мүнөт 16 секундда тиккен ысык-аталыктар сынакта баш байгени имерип кетти. Ал эми боз үйдүн жасалгасы боюнча уюштурулган сынакта Нарындан алып келинген кыргыз үйү гран-прини алды. 

Чындыгында, бул ордо көчмөндөр оюндарына, тарых жана маданият жылына шайкеш жасалган. Ичи-тышы дебей, көчмөн элдин ат, төө менен көчүп бараткан элеси берилген. Анан да ичиндеги жерге төшөлгөн шырдакта уюткулуу кыргыз элинин баскан жолу элестүү жасалган.


Новости по дате