http://www.ktrk.kg/Премьердин Кытайга сапары иштиктүү болду

Премьердин Кытайга сапары иштиктүү болду

17 Дек 2015 , 12:04 602

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Темир Сариев жана Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Алардын катарында “Биргелешкен коммюнике», «Кыргызстан менен Кытайдын Билим берүү министрликтери ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуу тууралуу келишим», «Кыргызстандын жана Кытайдын Маданият министрликтери ортосундагы 2016-2019-жылдарга кызматташуу программасы», «Кыргызсан менен Кытайдын улуттук банктарынын кызматташуусу жөнүндө билдирүү», «Кыргыз Өкмөтү жана «Транс-Кыргыз газ Пайплайн Компани Лимитед» ортосундагы инвестициялык келишим» сыяктуу бир катар документтерге кол коюлду.

Белгилей кетсек, премьер-министр Темир Сариев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын чакыруусу боюнча ушул күндөрү Кытай жергесинде расмий сапар менен жүрөт.



Новости по дате