Маанилүү Кырсык

Элдик репортер: Сактанганды сактайт image

22 Сент, 2016 5320

Бишкек шаарынын Ден Сяопина жана Ласло Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ саат 21:20лар чамасында "Форд" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, жогорку ылдамдыкта баратып 50-55 жаш курактагы эркек кишини сүзүп кетти. Жабыр тарткан адам атайын жөө жүргүнчүлөр өтчү жайдан өткөн эмес. Жыйынтыгында ал кишинин башы жарылып, эсин жоготуп, кансырап жатты. Ооруканага кеткенден кийин ал кишинин аман калганы белгисиз. Анткени тез жардам унаасы маалында келген жок.

Бул кырсыктан соң менде суроо жаралды: Эмне үчүн тез жардам кызматы 10-15 мүнөттө жетип келбейт. Кээ бир жарандарыбыз ушул кызматтын кеч келишинен каза болушууда. Министрлик качан ушул көйгөйдү жойот экен?

Экинчиден жөө жүргүнчүлөргө уруксаты жок жерден жүгүрүп жөнөгөндү качан токтотобуз? Качан биз кыргызстандыктар өз өмүрүбүзгө күйөбүз?! Жол эрежесин бузуу менен өз өмүрүбүзгө кол салып жатканыбызды качан түшүнөбүз?

Айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар тозоко билет сатып алгандай. Бир жылда миңден ашык өлүмдөр биздин көзүбүздү ачып бүтө албай койду го. Миң адам - миң тагдыр, миң талкаланган келечек!



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1