Маанилүү Коом

5 сом үчүн кары апаны тилдеген шопур image Фото: KTRK/videograp

27 Сент, 2016 9867

Интернеттеги социалдык тармактын колдонуучулары №146 маршруттук таксинин айдоочусуна нааразы болушууда. Окуяга күбө болгондор мындай пикирлерин жазып чыгышты:







23-сентябрда эртең менен саат 08:57де баш калаадагы ГЭС-2 аймагында 146-маршруттук таксинин айдоочусу кары аялга орой жооп берип, жерге түшүрүп салган. Ага чейин тигил кары апа шопурга пенсионер катары 5 сом берген. Бирок айдоочу дагы 5 сом талап кылган. Ал акча жок экендигин айтканда, 10 метрдей жерге чейин айдап барып, кыйкырына сүйлөнүп кары апаны унаасынан түшүрүп салган.

Маршруттук таксинин ичинде элдер аз болчу. Окуя чагылгандай тез болуп өттү. Кары апа үчүн арачылык кылганга да жетишпей калдык. Шопур аны жерге түшүрүп салды. Жолдо баратып да айдоочу тилденип баратты. Кандай таш боордук!!!

Мындай окуялар көп эле болот. Айдоочулар кары адамдарга орой мамиле жасап, аларды оңой менен алып кетпейт.

Ушуга окшош окуяга мен да күбө болгом. Бир жолу жолдо баратсам пенсионерден 5 сом талап кылып тилденген. Ага өзүмдүн чөнтөгүмдөн 20 сом берип, ушул акчага байып кет дегем. Тигил шопур уялбай-этпей эле акчаны чөнтөкө салган. 

Окуяга күбө болгондорго таң калам. Кары апанын ордуна 5 сом берип коюшпайбы. Же аларга деле баары бирби?

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1