http://www.ktrk.kg/Кыргызстан менен Өзбекистандын мамилеси жакшырууда

Кыргызстан менен Өзбекистандын мамилеси жакшырууда

3 Окт 2016 , 16:38 1397

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган делегация өзбек тараптын чакыруусу боюнча Өзбекстандын Анжиян шаарында өткөн, кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышты. 

Сапардын алкагында эки тараптуу алаканы жакшыртууга багытталган макулдашууга кол коюлду. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган делегация Өзбекстандын Анжиян аймагындагы маданий, стратегиялык жана экономикалык объектилерди кыдырып, кыргыз-өзбек кызматташтыгын жакшыртуу боюнча иш-чараларга катышты. 

Делегациясынын курамына Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Данияр Сыдыков, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөт аппаратынын, тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, аксакалдар жана маданий ишмерлер кирген.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118


Новости по дате