http://www.ktrk.kg/Кемчилиги бар Конституция

Кемчилиги бар Конституция

4 Окт 2016 , 3:46 13252

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Азимжан Аскаровду түрмөдөн бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгаруу чакырыгы өлкөдөгү баш мыйзамды өзгөртүүгө түркү берди.  Расмий Бишкек Конституциядагы көбүнчө беренелер мамлекеттин эгемендигине коркунуч жаратат же болбосо акырындап отуруп доо кетирет эсептейт. Мисалы 41-берененин аркасы менен эл аралык уюмдар Кыргызстанга басым жасап кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. 

Адистер азыркы баш мыйзамдын айрым беренелери өлкө бүтүндүгүнө кооптуу жагдай жаратып эгемендигине шек туудурат деген ишенимде. Жогорку соттогу абал бир көрүнүштү ачыктап берди. Өлкөнүн бийик баскычтагы сот инстанциясы өзү чыгарган өкүмүн кайра карап чыгууга мажбур болуп отурат. Юристтер бул чектен тыш көрүнүш деп эсептейт.
Аскаровдун иши кайра каралышына 41-берене түрткү берди. Бул берене өлкөнү камактагы адамдын укугун кароого милдеттендирет. Мындай “миналар” өлкөнүн баш мыйзамында аз эмес дешет конституциялык реформанын демилгечилери.
Ошол эле учурда жарандык коом өкүлдөрү баш мыйзамды реформалоодо андагы кооптуу делген беренелердин жоюлушуна каршылыктарын билдирип келет. Бул жөн жерден эмес деп белгилешет юристтер. А чынында алар 6 жыл мурда конституциялык кеңешменин курамында туруп беренелерге мина койгон.
Эксперттердин баамында учурдагы баш мыйзамдын айрым беренелери боюнча Кыргызстанга каршы келген геосаясий сценарийлер болуп кетиши мүмкүн. Бирок бул жаатта өлкө өз укугун коргой алабы деген суроолор жаралбай койбойт….





Новости по дате