http://www.ktrk.kg/Айрым депуттар “MegaCom” ишканасынын акциясын кымырып алганбы?

Айрым депуттар “MegaCom” ишканасынын акциясын кымырып алганбы?

7 Окт 2016 , 6:42 1473

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Парламент депутаттары “Ата-Мекен” фракциясынан депуттар  “MegaCom” ишканасынын акциясын кымырып алган деген маалыматты тактоо максатында депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап жатат. 

Эске салсак, 5-октябрда массалык маалымат каражаттарында эл өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев, Алманбет Шыкмаматов жана Аида Саляновалар MegaComдун акциясын акча алууда өз үлүштөрү бар деген маалымат чыккан.

Бул маалыматты тактоо үчүн Жогорку Кеңештин отурумунда өкмөттү чакырып, угуу сунушталды. Парламенттин отурумунда эл өкүлдөрү Анвар Артыков, Осмонбек Артыкбаев жана Мээрбек Мискенбаевдер  аталган маалымат боюнча тиешелүү адамдар түшүндүрүү берүүсүн айтып чыкты. Мискенбаевдин айтымында Максим Бакиевдин 51 пайыз акциясынан депутаттар 7-8 пайыздан үлүшкө олтурган.

Төрага Чыныбай Турсунбеков маселени добушка коюп, ага болгону 45 депутат макул деген добуш берди. Ошентип демилге өтпөй калды. Спикер депутаттык комиссия түзүү маселеси кийинки аптада карала тургандыгын кошумчалады.

Сүймөнкул Идирисов


Новости по дате