Коомдук унаалардагы айдоочулардын жүргүнчүлөргө жасаган мамилелери тууралуу социалдык тармактарда талкууга алынган учурлар акыркы убактарда көп кездешүүдө. 

Алардын бири Asan Saip өзүнүн фейсбуктагы баракчасына айдоочуга карата нааразычылыгын билдирип, төмөндөгүлөрдү жазган.




Бүгүн, саат 11ден өтүп 1-класстагы кызымды мектептен алып келе жатып, 214-маршруткада айдоочунун катуу айдап, жүргүнчүлөргө корс мамиле жасаганын көрүп, акырын эле айдап, токтотчу жерден акырын токтотпойсуңбу десем, мага да корс сүйлөгөнүнөн кагып койсом, мага асылып кетти. 

3 жашар уулумду да алыпалган элем биз түшчү жерден да токтотуп кой десем катуу келип токтоп, сөгүнүп жерге түштү. Мен аны катуу жемелеп койсом урам деп жакалашып, элдер, жүргүнчүлөр ортого түшүп зорго ажыратты. Балдарым ыйлап зээним кейиди. Мэрия мындай айдоочуларга чара көрбөсө болбойт. Кимге кайрылып, кандай чара көрсөк болот?