http://www.ktrk.kg/КТРКнын "Кайдасың?" телеберүүсүнө чет өлкөлүктөр кайрыла баштады

КТРКнын "Кайдасың?" телеберүүсүнө чет өлкөлүктөр кайрыла баштады

17 Окт 2016 , 23:04 2420

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын эфиринен 2007-жылдан бери чыгып келе жаткан “Кайдасың” программасы чет өлкөлөргө да чыга баштады. Ушул жылдын башынан бери программага жакындарын жоготкон 360 кайрылуу келип түшкөн. Алардын арасында Кабардин Балкар республикасынын жараны Зулкуф Узденов. Ал бала кезде Кыргызстанда калган бир тууган инисин издеп жаткандыгы жөнүндө да кайрылуу кат болгон.

2016-жылдын март айында Коомдук Биринчи каналдын расмий сайтына Орусия федерациясынын Кабардин Балкар республикасынан кат келип түшкөн. Анда атасынын бир тууган инисин издеген жарандын арызы камтылган. Катта айтылгандай Балкариядан келген Залкуф менен Мажир, ата энесинен айрылган соң Фрунзедеги балдар үйүндө тарбияланышат. Кийинчерээк экөө эки жакка кетип бири бирин көргөн эмес. 

“Кайдасың?” программасынын журналисттери 4 ай бою Узденов атуу фамилиядагы үй-бүлөлөр менен байланышып көргөн. Кыргызстандын төрт бурчунан сураштырып, акыры Мажир Узденовдун дайыны табылганын Кабардин Балкарияга кабарлашкан.

Залкуф атанын 66 жыл бою издеген бир тууганы тилекке каршы төрт жыл мурун каза болуп калган. Бирок анын дайыны табылып, бала чакалары менен амандашуу мүмкүнчүлүгүнө Балкариядан келген карыя ыраазы болгон.

Залкуф ата иниси жаткан жайга туулган жеринен түйүп келген топурагын таштап, мусулмандык парзын аткарып куран окутту. 

КТРКнын “Кайдасың?” программасы 2007-жылдан бери эфирге чыгып келет. Бул убакыт аралыгында аталган программага жакындарын жоготкон адамдардан 5 миңден ашуун кайрылуу кат келип түшсө, анын жарымынан көбү табылган.


Новости по дате