http://www.ktrk.kg/Конституциянын жаңы долбоору сот реформасына кандай таасир берет?

Конституциянын жаңы долбоору сот реформасына кандай таасир берет?

18 Окт 2016 , 7:31 18732

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөнүн  өнүккөн өлкөлөрүндө  соттордун ачык-айкын  ишмердүүлүгүнө айрыкча талап коюлат.   Эгерде   сот  пара  алса, анда анын аброюна  шек келип, анын андан аркы кызмат абалына коркунуч  алып келет. Маселен, Германияда, сот акча алгандыгы үчүн  кызмат  орду  менен гана коштошпостон, кийин пенсиясынан  да  кол жууйт.  Бул тууралуу  «Биринчи радиого » берген маегинде, эл аралык талдоочу  Германиядан келген судья   Томас Мродзинскинин айтканы бар. 

Кыргызстанда, сот системасы үлгүлүү деп айтууга эрте , көп учурда коомчулук  бул тармакты  сындап келет.  Андыктан карапайым калктын сотко болгон ишеничин арттыруу зарылдыгын Президент Алмазбек Атамбаев  Жогорку Соттун жаңы имаратына барган учурда  билдирип,   бул тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасынан үмүт артарын  баса белгилеген.

Азыркы учурда  сотторго  көңүл бурулуп, алардын иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлө  баштагандыгын ЖКнын 5-чакырылышынын депутаты Курманбек Осмонов да ырайстайт. Мамлекеттин негизги  өзөгүн сот адилеттүүлүгу тузөт. Бирок, Эгемендүу Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүнүн  жоктугунан оор абал  жаралгандыгын эксперттер  белгилешет. Ошондой эле соттордун тажрыйбасыздыгы, деңгээлинин төмөндүгүнө да сындар айтылып келген.  

2011-жылы  Жогорку Сот менен Конституциялык Сотко сотторду тандоо учурунда  ошол кездеги Президент Роза Отунбаева  бул  орундарга сунушталган талапкерлердин деңгээлин текшерүүгө алып, жөнөкөй  суроолорду бере келгенде  алардын үчөө  гана электен өткөн  учурду эске салалы. Мындан тышкары айрым судьяларга да  ар кандай иштерге аралашкандыгы үчун  кылмыш иштери да козголгон учурлар жок эмес.

Андыктан бул тармакты реформалоо  аракети көрүлүп келүүдө. Бул максатта , Баш мыйзамдын беренелерине   өзгөртүүлөр  сунушталып жатат.  КСДП фракциясынын лидери  Иса Өмуркуловдун айтуусунда,  келечекте соттордун ишинин сапатына таасир эте турган  түзөтүүлөр  каралууда.  Анын бир мисалы, соттор тарабынан тартип бузуулар болсо,  курамында  Фемида  өкүлдөрү бар , соттор кеңеши  карап келген.  Эми, Конституция өзгөрө турган болсо,  анда  мындай иштер тартип  комиссиясы тарабынан каралат  . 




Новости по дате