http://www.ktrk.kg/Конституциянын түп нускасы кайда?

Конституциянын түп нускасы кайда?

19 Окт 2016 , 9:43 12839

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча “Референдум дайындоо” жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, адаттагыдай эле процедуралык нормалар, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн максаты тууралуу талкуу жүрдү. Ошондой эле, жалпы жыйында баш мыйзамдын түп нускасы тууралуу маселе көтөрүлүп, бир катар депутаттар анын кайда сакталып турганына кызыгышты. 

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча “Референдум дайындоо” жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутаттар 2 сааттан ашык талкуулашты. Өзгөртүүлөргө каршы болуп келаткан депутаттар адаттагыдай суроолорунун көбүн процедуралык маселелер боюнча беришти. Айрымдары мыйзамды талкуулоого убакыт аз болгонун айтышса, кээ бири референдум өткөрүү датасын жылдыруу керектигин талап кылып чыгышты. Өзгөртүүлөрдүн мазмунуна багытталган суроолордун бардыгына демилгечилердин бири Иса Өмүркулов жооп берди.


Талкуунун нугу депутат Данияр Аттокуровдун берген суроосунан кийин таптакыр башка жакка бурулду. Ал баш мыйзамдын түп нускасы кайда сакталып турганына кызыкты. Бул маселени рефрендум маселеси боюнча парламенттик угууда укук коргоочу Токтайым Умөталиева көтөргөн эле. Ал Текебаев баштаган Конституциялык кеңешме жазган конституция менен “Эркин Тоого” жарыяланган варианттарда карама-каршы болгонун билдерген.

Бул тууралуу президенттик аппарат кеңири түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Конституцияга ошол кезде президенттин колу коюлган эмес. Анткени баш мыйзамдын Конституцияны ишке киргизүү боюнча биринчи беренесинин 2-бөлүгүндө референдумда кабыл алынган Конституцияга өлкө башчынын кол коюусу зарыл эмес деп жазылып калган. Бул норма кандай максатта жазылганын анын авторлорунан суроо керек болуп турат. Ал эми түп нуска боюнча учурда архивде Убактылуу өкмөттүн декрети, ага тиркелген Конституциянын долбоору бар экенин Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев бышыктады.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылдын 19-майында жактырган Конституциянын долбооруна референдумга чейин дагы бир нече өзгөртүүлөр киргизилген. Жыйынтыгында эки вариант болуп жатат: 19-майда кабыл алынганы жана кийин өзгөртүү киргизилгени. Азыр болсо “Эркин Тоо” гезитине кайсы түп нуска берилгени белгисиз болууда. Анткени талапка ылайык, гезитке текстти жөнөтүүдө баш мыйзамдын автору Өмүрбек Текебаев, же Конституциялык кеңешменин катчылыгы, болбосо Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп турган Эмилбек Капатагаев кол коюшу керек эле. Бирок бул эреже аткарылган эмес. 

 Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. 90 депутат макул, 14 каршы добуш берилди. Референдумдун датасы мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынган соң аныкталат. 










Новости по дате