http://www.ktrk.kg/Режиссер Нуржамал Дамирдин "Фрунзе" тасмасы Алматыдагы фестивалга катышат

Режиссер Нуржамал Дамирдин "Фрунзе" тасмасы Алматыдагы фестивалга катышат

19 Окт 2016 , 23:56 1807

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык режиссер Нуржамал Дамирдин "Фрунзе" тасмасы Алматыда өтө турган "Бастау" фестивалына катышмай болду. 

Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди. Эл аралык сынак 24-октябрда башталат. 

Студенттик тасмалардын VI фестивалынын алкагында "Фрунзе" тасмасынын көрсөтүлүшү 28-октябрга белгиленген. Фестивалдын жүрүшүндө студенттер үчүн белгилүү ишмерлерден мастер-класстар жана ар кандай иш-чаралар уюштурулат.




Новости по дате