маанилүү Коом

Кышка даярдыгы жок көйгөй жараткан унаалар image

20 Окт, 2016 9328

КТРКнын Элдик репортер рубрикасына Бурулкан Карагулова аттуу окурман кыш мезгилине алыс жолго эч кандай даярдыгы жок каттаган чыккан таксисттин айынан 7 сааттан ашык ашууда калганын жазат. 

Унаасы сезонго толугу менен камсыздалганын  айткан таксисттин эч даярдыгы жок жүргүнчүлөрдү салып, кийин нааразы болуп сүйлөнгөндөрдү уят сөздөр менен сөгүп, орой мамиле жасаганына жаны кашайганын билдирет.

“Ушундай убактарда, атайын текшерүү бекеттери  акча алып эле өткөрүп жибербей, кышка карата камылгасын дагы текшерип коюшса болбойбу. Бул бир эле мисал, биздин таксистке окшоп даярдыгы жок жүргөндөр четтен чыгат. Ушундайлардын азабынан жолдо тыгын жаралып, аяздуу суукта ач белде калып чыдоого мажбур болуп жатабыз”- дейт окурманыбыз.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1