http://www.ktrk.kg/Окуучулардын аң-сезимине доо кетирген окуу китептери "Ой ордодо" талкууланды

Окуучулардын аң-сезимине доо кетирген окуу китептери "Ой ордодо" талкууланды

3 Нояб 2016 , 3:57 2088

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурдагы замандын  талабына жооп бере алат деген мектептердеги окуу китептеринин мазмунуна,  сапатына Билим берүү жана илим министрлиги кандай көзөмөл кылууда? 

Акыркы убактарда жогоруда айтылган окуу китептеринин ички мазмунуна ата-энелердин нааразычылыгы жана социалдык тармактардагы талкууларга байланыштуу кандайдыр бир чаралар көрүлүүдөбү?

Мына ушул суроонун тегерегинде Коомдук биринчи каналдын “Ой ордо” ток шоусунда талкуу болду. Окуу китептерине байланыштуу теманы  талкууну алып чыгууга себепкер болгондордун бири, Бишкек шаарынын тургуну Улан Кошалиев  болду. 

Анын жеке пикиринде  мектептердеги окуу китептердин мазмундары окуучуга керектүү түшүнүктүу бергендин ордуна, алардын ой-жүгүртүүлөрүн адаштырууда деп мисал катары көтөрө келген китептеинен мисал кыла кетти.


Алып баруучунун, мындай китептер  кимдин көзөмөлүнөн өтүп, мектептерге окутулуп жактандыгы тууралуу берилген суроолоруна Билим берүү академиясынын жетекчиси менен Билим берүү жана илим министрлигинин окуу китептери боюнча адиси тиешелүү жооп бере албай, суроодон аттап өтүп, бакша темага четтеп кетишкенин  филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев белгилеп кетти.



Мындан тышкары көрсөтүүнүн дагы бир коногу Нурай Шаршенбаева орус тилдүү мектепте  3-класстын “Книга для чтения” китебинде “Манас” эпосу бурмаланып окуучуларга окутулуп жатканын билдирди. Китепти колуна көтөрүп, бир нече мекемеге кайрылып бирок эч кандай жооп ала алган эмес. Кыргыз элинин руханий мурасына карата жасалган мындай мамилеге ким жооп берет?



Новости по дате