http://www.ktrk.kg/Астанага иш сапар боюнча кыскача отчет

Астанага иш сапар боюнча кыскача отчет

4 Нояб 2016 , 6:10 1968

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Катышуучулар жана мөөнөт.
27-30 октябр күндөрү КТРКнын айрым кызматкерлери жана КТРКнын Окуу борборунун Медиалаборатория долбоорунун угуучулары.

Каржылоо.
Бул иш сапар БУУнун ӨДнун “ЖМК тынчтык өзгөрүүлөрү үчүн” долбоорунун колдоосунда болду.

Уюштуруучу:
КТРК Окутуу борбору, жетекчиси Адель Лаишева.

Максат:
Казахстандын ТВ каналдары менен туруктуу кызматташуу орнотуу жана Медиа лаборатория долбоорунун окуучуларына билим берүү иш практикасын жүргүзүү.

Жыйынтык:
Казахстан, Хабар ТВ мекемелери менен жаңылыктарды, программаларды, көрсөтүүлөрдү алмашуу, ТВ мекемелерде тартылып, даярдалган көп сериалуу көркөм филмдерди алуу, Медиа борбор техникалык мекеменин негизиндеги Окуу борборунда КТРКнын кызматкерлерин практикадан өткөрүү, мекемелер бири бирине эки тараптык алакада толук колдоо көрсөтүү.

Пикир:
Казахстандын ТВ мекемелеринин техникалык жабдыктары, имараттары, шарттары жогору деңгээлде экен! Бул талашсыз болсо керек, себеби коңшу өлкөбүздүн ресурстук мүмкүнчүлүктөрү бардыгыбызга жакшы белгилүү. Ал жагынан суктанып, биз дагы буйруса бул шарттарга жетербиз деп келдик. Бирок көрсөтүүлөрдү даярдоо, ишти алып баруу, заманбап ыкмаларды колдонуу ж.б. кесиптик иштер боюнча биздин кызматкерлер кем калышпастыгын, айрым учурда коңшуларыбыздан дагы жакшы алып барарын көрүп абдан кубанычта болдум!

Дагы бир кубандырган жери, казак туугандар дагы биздегидей жаш адистерге көп басым жасашат экен. Мисалы Хабар телеканалынын төрайымы кырктын тегерегинде, Казахстан ТВ мекемесинин жетекчиси 39 жашта болуп, өтө билимдүү, маданияттуу адистер экен!

Куттуктоо, сыймык.
Учурдан колдонуп кесиптештеримди келе жаткан Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктап, сиздер менен бирге иштешип атканыма сыймыктанаарымды билдирип кетмекчимин!

Эки өлкөнүн кызматташуусу, достугу өнүгө берсин!



Новости по дате