http://www.ktrk.kg/Мугалимден корккон окуучу мектепке бара элек

Мугалимден корккон окуучу мектепке бара элек

18 Нояб 2016 , 16:49 1318

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мектеп завучу 2-класстын окуучусун сабады делген Бишкек шаарындагы №61-мектептеги окуядан кийин, 2 класстын окуучусу Ырыскелди Осмонов дагы деле окуусуна бара элек. Окуучунун апасы Элмира Ирисованын айтымында, ушул кезге чейин күнөөлөнүп жаткан мугалимдерге карата эч кандай чара колдонулган жок.

Мектеп завучунан запкы жеген делип, колу көгөргөн Ырыскелди каникул аяктаганына 2 жума болгонуна карабай, мектепке бара элек. Апасы Элмиранын айтымында, Ырыскелди классташтарын, досторун аябай көргүсү келип сагынды. 

Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын толук жыйынтыгы 2 күндөн кийин чыгат. Ошондон кийин гана №61-мектептин мугалимдерине кандай чара көрүлөөрү белгилүү болот.



Новости по дате