http://www.ktrk.kg/Токмоктогу тоңуп олтурган балдар үйүнө жылуулук берилди

Токмоктогу тоңуп олтурган балдар үйүнө жылуулук берилди

24 Нояб 2016 , 17:56 2532

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Суук күндөрү Токмок шаарындагы балдар үйү жылуулуксуз отурду. 

Бул жерде 4 жашка чейинки 85 тарбиялануучу бар. 

Негизи мындай жерде жылуулуктун көрсөткүчү 20 градустан төмөн болбошу керек. 

Буга чейин Токмоктун жетекчилиги жылуулук берүүчү түтүк жарылып кеткен деп билдирген. 

Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Токмок шаарындагы балдар үйү, балдар бакчасы жана мектеп жылуулуктан 40 миллион сом карызы бар болгондон улам токтотулган деп билдирген. 

Кечээ,  кечке жуук бир нече күндөн бери тоңуп отурган балдар үйүнө жылуулук берилгени айтылды.



Новости по дате