http://www.ktrk.kg/Ош-Бишкек жолунда убактылүү чектөө киргизилди

Ош-Бишкек жолунда убактылүү чектөө киргизилди

26 Нояб 2016 , 10:32 1826

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош-Бишкек жолундагы Сосновка бекетинде оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул аба-ырайынын бузулушуна байланыштуу. Жеңил унааларга чектөө жок.

 

Бирок жолдор тайгак болуп, муз тоңуп тургандыктан, айдоочулар жол эрежесин бузбай, көрсөтүлгөн чектен ашпай айдоо керектигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Төө ашууда кардын калыңдыгы 77 сантиметрди түзөт. Учурда ашууда кар жаап жатат.


Новости по дате