http://www.ktrk.kg/ДАИШ террордук уюму Орто Азияга коркунуч жаратууда

ДАИШ террордук уюму Орто Азияга коркунуч жаратууда

29 Нояб 2016 , 9:51 3533

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Bloomberg News маалымат агенттигине курган маегинде: Эгерде бириккен коалиция Ирак   менен Сириядан “Ислам мамлекети“ деп аталган террордук уюмду сүрүп чыгарса, анда экстремисттер Өзбекстан, тарапка качат. Бул биз үчүн коркунуч жаратат -  деп  жар салды. Ал былтыркы Ак-Төбө аймагында радикалдардын козголоңу тууралуу салафизм агымы менен уюшкан кылмыштуулук аралашканын баса белгиледи. 

Ошол эле маалда Назарбаев бириккен коалиция Ирак менен Сириядан ДАИШти талкаласа, алар биздин чөлкөмдөргө жакын мамлекетте баш паанек  табат. Анткени Афганистан Тажикстан, Түркмөнстан жана  Өзбекстан чектешет. Балким бул өлкөдө экстремистерди жарга такаса, анда бизде тынчтык болбойт. Биз ушул көйгөй жөнүндө ойлонуп жатабыз. Андан тышкары кавказ аймактарында радикалдар  “Ислам мамлекети”-деп атаган террордук топтун катарында согушуп жатат. Ушул абал бизди кооптондурат - деди коңшу өлкөбүздүн башчысы. Кененирээк аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз.Батилов, тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев, "Биринчи радио".


Новости по дате