http://www.ktrk.kg/Ташиев президент болууну самоодобу?

Ташиев президент болууну самоодобу?

13 Дек, 9:42 1484

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" "Жылаңач баатыр деп, Бизге кошулабыз дегендердин президент болом деген дымагы болбош керек" деген теманын алдында жарык көрдү. Мындай аталышты гезит 10-декабрда "Сентябрь" телеканалында “Биз Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана мен үчөөбүз келерки 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого карата бириктик. Биздин үчөөбүздүн бирибиз президент болушубуз керек.Эгер биздин үчилтикке башка саясатчылар кошулгусу келсе аларга биздин бир шартыбыз бар: ал саясатчылардын президент болом деген дымагы болбош керек деген Камчыбек Ташиевдин сөзүнөн алып койгон. Чакан темада биринчиден, үчөөбүздүн бирибизди президент кылып шайлоочу киши барбы, экинчиден бизге кошулууну көздөп, кумар болуп жаткандар бар болду бекен деп ойлонуп койсо болмок экен чунак киши" деп жазылат. Темага улай бул санга белгилүү куудул, Келдибек Ниязов азил чыны аралаш үч саясатчыга куйкум сөздөрүн жазды. Үч үкөмө агалык ак батам деген аталышта жазылган батасынын соңунда “Закон жетелеген төө” дешет. Бул саам законду ары-бери жетелеп үчөөң тең президент болгула, Кыргызстанды үчкө бөлүп башкарсаңар болот. Боло берет турмушта, особенно кыргызда” дегендей. Ылайым ошондой болсун делинет. Окуп жылмайып алыңыз.  

Кененирээк аудиодо баяндалат.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"