http://www.ktrk.kg/Калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алууда

Калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алууда

14 Дек 2016 , 5:02 25661

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда быйыл калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алуусу үчүн атайын долбоор демилгеленип, айрым аймактарда акысыз кеңеш берүүчү клиникалар  иштеди. 

Ага ылайык, кымбат юридикалык кызматка кайрыла албагандарга укуктук жардам берилип, соттук иштер дагы каралган. Ал арада жергиликтүү серепчилер өлкөнүн  алыскы айылдарда юридикалык сабатсыздык негизги көйгөй  болгондуктан, бул багытта ишти жандантуу учур талабы экенин айтышууда. 

Ошентип, Кыргызстанда калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алып, бул багытта сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана укук үстөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчөтүү долбоору иштеди.  Жалпысынан долбоор башталгандан бери Ала-Бука  районунда эле 200дөн ашуун аялга акысыз юридикалык кеңеш берилип, бир катар маселелер алардын пайдасына чечилген.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Новости по дате