http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашпай жатышына эмне себеп болууда?

"Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашпай жатышына эмне себеп болууда?

15 Дек 2016 , 13:24 4007

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча соттук иштер аягына чыга электигине байланыштуу ал  этап-этабы  менен ишке ашырылат. Ал эми долбоорду өкмөт республикалык бюджеттен каржылоо жагын караштырууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Ал арада аталган долбоордун  ишке ашпай жатканына коомчулук да, эл өкүлдөрү да кабатыр. Коңшу өлкөлөрдө болсо,  мындай долбоор ишке ашып өз натыйжасын берүүдө. Долбоордун ишке ашпай жатышына эмне себеп болууда?

Кыргызстанда бир нече жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай жатат. Долбоор боюнча эки ирет тендер өткөрүлүп, экөөндө тең мыйзам бузуулар менен коштолгон деп жокко чыгарылган. Ички иштер министрлиги акыркы тендерде утуп алган орусиялык Стилсофт компаниясын жалган документтерди пайдаланган жана айрым маалыматтарды жашырган –деп алар менен соттошууда

13-декабрь күнү  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тиешелүү комитет жыйынында «Коопсуз шаар» долбоорун өкмөт республикалык бюджеттен каржыларын билдирди.Анткени долбоорду ишкерлер каржылайм десе, алардын талабы түшкөн айыппулдун бир канча пайызын өздөштүрүү болуп жатат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик да дал ушундай талаптарды коюуда. Ошондуктан өкмөт долбоорду республикалык бюджеттен каржылап, түшкөн администрациялык айыппулдар мамлекеттин казынасына барыш керек деген ойдо-деди вице-премьер-министр. Аны ишке ашыруу үчүн документке айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Ошентип, Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору боюнча соттук иштер аягына чыга электигине байланыштуу ал  этап-этабы  менен ишке ашырылып, долбоорду өкмөт бюджеттен каржыламай болууда. Ал эми долбоор боюнча эки ирет тендер өткөрүлгөн. Бирок экөөндө тең мыйзам бузуулар менен коштолгон деп жокко чыгарылган. Ички иштер министрлиги акыркы тендерде утуп алган орусиялык Стилсофт компаниясын жалган документтерди пайдаланган жана айрым маалыматтарды жашырган деп алар менен соттошту.


Новости по дате