http://www.ktrk.kg/Акысыз юридикалык кеңеш берүүчү жайлар иштей баштады

Акысыз юридикалык кеңеш берүүчү жайлар иштей баштады

19 Дек 2016 , 11:12 27637

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда быйыл калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алуусу үчүн атайын долбоор демилгеленип, акысыз кеңеш берүүчү клиникалар  иштеди. Ага ылайык, кымбат юридикалык кызматка кайрыла албаган жарандарга укуктук жардамдар берилип, соттук иштер дагы каралган. 

Ал арада жергиликтүү серепчилер алыскы айылдарда юридикалык сабатсыздык негизги көйгөй экенин  айтышууда.  

Кыргызстанда калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алып, бул багытта сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана укук үстөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчөтүү долбоору иштеди. 

Жалпысынан долбоор башталгандан бери Тогуз-Торо районунда эле 300дөн ашуун жаранга акысыз юридикалык кеңеш берилип, 40тан ашуун иштин жарымынан көбү элдин пайдасына чечилген.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Новости по дате