http://www.ktrk.kg/Кара-Сууда газ баллону жарылып, 6 адам жабыркаган

Кара-Сууда газ баллону жарылып, 6 адам жабыркаган

21 Дек 2016 , 16:57 6143

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ түнү Оштун Кара-Суу районунда жашаган тургундун үйүндө газ баллон жарылып, алты киши түнү менен Ош облустук ооруканасынын күйүк-жараат бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер, үйдүн кожейкесинен башкасынын абалы канаатандыраалык экендигин айтышууда. 27 жаштагы үй кожейкесинин денесинин 50 пайыздан ашыгы күйүп калган. Азыр дарыгерлердин кароосунда жатат. 

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча ушул үйдүн ашканасында колдонулуп бүтүп калган кичинекей газ баллон ысык батереянын түбүндө туруп калган. Ысыкта көпкө туруп калган газ баллон жарылып кеткен. Натыйжада, ошол учурда иш кылып жүргөн үйдүн кожейкеси катуу жабыркап, денесинен 50 пайыздан ашыгы күйүп калган.

Үйдүн кожоюну Алай өрөөнүнүн тургуну. Энесинин айтымында, бул үй-бүлөнүн жаңы конушка көчүп келгенине 15 күн гана болгон. Уй ээлери келээрки дем алышка тууган-урукту чакырып түлөө өткөрүүнүн камын көрүп, таттуулардан тартып, нан-токочторго чейин сатып келип койгон. Күтүлбөгөн жерден кырсык келип, үй-бүлөдөгү алты кишинин баары ооруканага түшүп калды.

Негизи мындай көйгөй биринчи ирет катталып жаткан жок. Адамдардын ден-соолугу менен өмүрүнө коркунуч жараткан мындай кырсыкка шарт түзүүчү жагдай четтен табылат. Башкы себеби - коопсуздук эрежелерин сактоого болгон көңүл кош мамиле.

Тилекке каршы, кайдыгерлик мамиле жарандарда эле эмес, мыйзамды аткаруучуларда да сакталбай келген учурлар кездешет. Маселен, базар ичин иретке келтирүүчү мекеменин бул кызматкери өрт өчүрүү кызматынын номурун да жатка билбейт экен.

 Ош шаарынын өзүндө эле, электр жабдыктарын жана газды туура эмес колдонгондон улам акыркы 11 айда 163 өрт кырсыгы катталып, эки жаран көз жумган. Ал эми, өрт кырсыгы быйыл республика боюнча үч эсеге өсүп, 61 атуулубуз тилсиз жоонун курмандыгы болушкан, мунун ичинен экөө жаш балдар.




Новости по дате