http://www.ktrk.kg/Борбор калаадагы кылым карыткан дарактар

Борбор калаадагы кылым карыткан дарактар

22 Дек 2016 , 12:20 2622

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук биринчи канал Фрунзе музейи жана мэрия менен биргеликте эски бактарды издеп, сактоого багытталган “Дарак таржымалы” теле долбоорун улантат.

Жаштар билим алып, ошол эле учурда эл алдына чыгуу үчүн даярдык көрүп дээрлик бош убактысы жок. Бирок ага карабай шаар ичиндеги эски бактарды издөөнү чечишкен. Алар үчүн бул иш пайдалуу жана кызыктуу.



Картаң бактарды табуу убакытты алып, бир нече саатка чейин созулду. Издөөнүн кызыгына баткан кыздар мынчалык эски бактар бар экенин, аларды эске албай жүргөнүн жана дагы деле өсүп жатканына таң калганын жашыра алышкан жок.

Издөөгө шымалана киришкен дагы бир топ аз күндө эле 100 жылдан ашык убакыттан бери асман тиреп өскөн 50 чакты даракты таап чыккан.
Бак издеп, чаалыккан жаштар жыйынтыгында өкүнгөн жок. Теле марафондун жүрүшүндө жан дүйнөбүз руханий жактан азыктанды деп билдиришти.


Новости по дате