http://www.ktrk.kg/Чуңкурчакта лыжа сезону ачылды

Чуңкурчакта лыжа сезону ачылды

26 Дек 2016 , 17:05 19252

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өтүп кеткен дем алыш күндөрү анда эс алуучулардын саны өтө көп болду. 

Тоо лыжасын сүйүүчүлөргө бул жолу аба ырайы да жакшы болуп, майрамдык концерт тартууланды. 

Ал эми сезонду өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ачып берди.

Өкмөт башчынын айтымында акыркы учурда спорттун бул түрү ден соолукту чыңдоодон тышкары туризмди өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп жатат.
Кыргызстан боюнча отуздун тегерегиндеги лыжа базалар бар. 

Бир канча жыл мурда, лыжа тепкени көбүнчө чет өлкөлүк жарандар келсе, азыр кыргызстандыктардын да кызыгуусу ойгонду. Аны менен эксперттер жыл өткөн сайын тоо лыжа спорту жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуп бара жатат дешет.

Новости по дате