http://www.ktrk.kg/ “Миң Кыял FM” радиосу 10 жашта

“Миң Кыял FM” радиосу 10 жашта

2 Янв 2017 , 3:38 3325

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын “Миң Кыял FM” радиосу 10 жашта.  “Миң Кыял FM” радиосу 2007-жылы 1-январда обого чыга баштаган. 

103.7 жыштыгында кыялдар орундалат деген ураан менен обого чыгып жаткан радио 10 жашта. 

Жаңы жылдын алдында  туулган күнүн белгилеп жаткан радио бул жакшылыгын угармандары менен бөлүштү. Көптөгөн угармандарга жагымдуу үндөрү менен тааныш болгон диджейлер бул күнү кызматта.

Миң Кыял FM радиосу 10 жыл ичинде угармандардын сүйүктүү радиосуна айланды. Радиону борбордо гана эмес аймактарда да күтүп тыңдайт. Миң Кыял мыкты радио рейтингинде алдыңкы сапта турат. Уккулуктуу музыка, кызыктуу оюн-зооктор менен угармандарды тартат. Келечекте да радиону калк жыш жайгашкан аймактарга чейин жеткирүү жумуштары жасалат.

Миң Кыял FM радиосу 10 жылдык мааракеге карата 31-декабрга угармандарына жагымдуу белек камдаган. Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа өттү.

Радионун туулган күнүн куттуктап келген ырчылар келгендердин маанайын көтөрүп, элди шаңга бөлөдү. Ырчылардын Миң кыялдын жамаатына чоң белеги- радионун гимнин аткарганы болду.


Новости по дате