http://www.ktrk.kg/Алайда жер көчкү түштү

Алайда жер көчкү түштү

4 Янв 2017 , 11:51 770

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алайда жер көчкү түшүп, турак үйлөргө 130 метр жетпей токтоп калды. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районундагы Чакмак айылында 2017-жылдын 4-январында саат 16:30да болжол менен 3000 м3 жер көчкү түшүп, 3 турак үйгө 130 метр аралык калган.  

 Райондук Жарандык коргонуу менен КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын жардамы чечими менен жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлгөн. Учурда көчкү түшкөн аймак жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлүнө алынды. 

Новости по дате