http://www.ktrk.kg/Ырчы Кайрат Примбердиевдин ийгилиги

Ырчы Кайрат Примбердиевдин ийгилиги

4 Янв , 12:04 6433

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын Биринчи каналы уюштурган "Голос" долбоорунун чечүүчү таймашында атаандаштарын артка калтырып, финалдагы үч мыктынын бири болду.  Ал дүйнө жүзүнө белгилүү болгон англис тилиндеги "And I am telling you" аттуу ырды аткарып финалда 3-орунга чыккан.

Долбоор түз эфирде өтүп, шарт боюнча финалга чыккандар насаатчылары менен бирден ыр ырдап, андан соң өзүнчө бирден чыгарма аткарышты. Мында Кайрат Примбердиев насаатчысы Дима Билан менен анын “Trouble” аттуу ырын аткарып берди. Бул чыгарма “Грэмми” сыйлыгынын үч жолку ээси Шейфер Чимер Смитке таандык. Кийин Дженнифер Хадсондун версиясындагы белгилүү "And I am telling you" ырын аткарып финалдык үчилтикке илинди.

Натыйжада Орусиялык ырчы Дарья Антонюк биринчи орунду ээледи. Экинчиге Александр Панайотов чыгып, ал эми үчүнчү орунду кыргызстандык ырчы багындырган. Калыстар тобунун пикиринен кийин ырчыга насаатчы болгон Дима Билан Примбердиев үчүн 60% добуш берип, ага көрүүчүлөрдүн 58% кошулду. Өнөрпоздордун мыктысын Орусиянын жашоочулары СМС билдирүү аркылуу добуш берип аныкташкан.

Финалга чыккан катышуучулар Умберто Тоццинин “Ti Amo” аттуу чыгармасынын атайын аталган долбоор үчүн тартуулашты. Эске сала кетсек, бул долбоорго ырчы 2016-жылдын сентябрь айынан бери катышып келген. Сынакка жалпы 56 ырчы ат салышып, жыйынтыгында мыктылары гана тандалып алынган.


Новости по дате